Жаңылыктар
Ош облусунда эки жаңы мектептин ачылышы болду
Билим
Ош облусунда эки жаңы мектептин ачылышы болду

Иштеп жаткан бардык билим уясына интернет тартылып, англис тилин тереңдетип окутуу киргизилет. Бул окуучулардын бир нече тилде эркин сүйлөшүнө жана сапаттуу билим алышына жол ачат. 

Мындай пикирин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Оштогу орто мектептердин ачылышында билдирди. Эки күндүк иш-сапарынын алкагында, өкмөт башчы өрөөндөгү бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышып чыкты.



Илим, техника өнүккөн доордо, дал ушул интернет жеткен мектептерде билим алуу - ар бир мектеп окуучусунун кыялы экени талашсыз. Техниканын мекени болгон Жапондуктардай, компьютер менен өлкөдөгү бардык мектептердин камсыз болоор күнү да алыс эмес.


Интернет менен өткөн жылы республикадагы 775 мектеп камсыздалган. Жыл соңуна чейин калган 693үнө жетет. Бул туурасында өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев, Өзгөндүн эң алыскы айылына-Ак-Терекке түшкөн жаңы мектептин ачылышында билдирди. 150 окуучуга ылайыкташкан мектеп, республикалык бюджеттен 51 млн. сомго курулду.