Жаңылыктар
Айтматовдун архивдеги ааламы
Маданият
Айтматовдун архивдеги ааламы

Борбордук мамлекеттик архивде чыгаан инсандардын жеке документтери сакталуу. Алардын арасында улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун да кол жазмалары, сүрөт жана документтери бар. 


Убакыт өткөн сайын саргарган бул кагаздардагы жазуулар Айтматовдун өз колу менен, узун сап болуп түшүрулгөн. 1999-жылы Чынгыз Айтматов Бельгияда жүргөн кезде чыгармачылык эргүү келип, колуна тийген бул кагазга шашыла ушул төрт сап ырды жазып калтырган. Эми болсо бул кагаз борбордук архивде сакталып, келечекке эстелик болуп калды.



Өткөн доордун жалындап күйгөн адабият дүйнөсүндө Чынгыз Айтматов жаркырап жанып, миллиондогон окурмандарга өчпөс чыгармаларды жараткан. Анын элге кеңири жарыялана элек сүрөттөрүндө жазуучуну формалдуу эмес шартта көрүүгө болот.

Бланкоффтор үй-бүлөсү менен Айтматов жакшы достордон болгон. Алардын жеке архивинде болуп келген Чынгыз Төрөкуловичтин 130 документи жана көптөгөн сүрөттөрү Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.