Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарынын ички жолдорунда эми гана жол оңдоо иштери жанданат. Буга каражаттын тартыштыгы башкы себеп эмес. Адистердин билдирүүсүндө кеч баштала турган ишке жаңы салына турган жолдордун долбоорлору өтө көп убакыт даярдалышы негизги себеп болууда. Белгилей кетсек быйылкы жылы Каракол шаарынын кире беришине төрт тилкелүү жол салынмак. Мындан сырткары бир нече чакырым эки тилкелүү ички жолдор толук оңдоп-түзөөдөн өтмөк.
Былтыркы жылы үч чакырымдан ашык жаңы жол салынып, Каракол шаары үчүн ийгиликтүү жылдардан болгон. Быйылкы жылы да жол оңдоо иштери уланат деген үмүт шаар бийлиги эле эмес, жөнөкөй тургундардын кыялы эле. Бирок ички жолдордо толук оңдоо иштери быйыл жүргүзүлгөн жок. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Алмазбек Осмонов бул багытта каттуу киришип, 55 миллион сомго жаңы долбоор даярдалып жаткан. Бирок аягына чыгарылбай ушул убакытка чейин созулуп келди. Азыр эми кеч болсо да долбоор жыйынтыкталып ишке ашканы калды.
Жаны салына турган жолдун узундугу 1440 метр болуп төрт тилкелүү болот. Кандай болсо да иш башталса бүтпөй койбойт. Мындай чоң долбоорлор эле көпчүлүк учурда көп текшерүүлөрдөн өтүп кармалышы мүмкүн.
Каракол шаардык мэриясы да өз каражатына быйыл бир нече ички майда жолдордо толук оңдоп-түзөө иштерин жүргүзмөк. Бирок жайлата кыймылдабай жатып эми гана жанданышты.
Быйыл муниципалдык жол тейлөө мекемеси алты миллион сомго аң,чөнөктөрдө утурумдук ремонт иштерин жүргүзүштү. Айрым көчөлөрдө кайрадан экинчи ирет жүргүзүүгө туура келип калды.