Жаңылыктар
Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу иш аракеттери күчөтүлөт
Билим
Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу иш аракеттери күчөтүлөт

Кыргызстанда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу иш аракеттери күчөтүлөт. Билим берүү жана илим министрлиги буга багытталган бир катар иш-чаралардын планын иштеп чыкты. Анын ичинде өлкө аймагы боюнча мектептердин санын көбөйтүү, ошол эле учурда окутуучулук курамдын сапатына, окуу программаларына көңүл бурулат.

Жаңы окуу жылында айрым мектептерде окуучулардын адаттан көп болгону- биринчиден билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин, ага катар ата энелердин көбү балдарын өзгөчө макамдагы мектептерге берүүнү каалаарын айгинеледи. Андыктан бир класста 40-50дөн окуучу отурганы айрыкча Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда олуттуу болууда.

Министр белгилегендей, бул маселени айрым мектеп гимназияларда кошумча имараттарды куруу менен чечүү максат болууда. Билим берүү мекемелерин курууга казынада каражат бар экенин президент да белгилеп, жасала турган иш-чаралардын планын аныктоону сунуштаган. Кыргызстанда жалпы 193 мектеп кайрадан курууга же толук оңдоодон өткөрүүгө муктаж.

Министр жакын арада мектептерге дагы электрондук кезекке туруу тутуму киргизиле турганын кошумчалады. Азыр мындай тажрыйба бала бакчаларда ишке кирген. Өлкө аймагында мектептерди куруу менен бирге билим берүүнүн сапатына да өзгөчө көңүл буруу зарылчылыгы белгиленди. Мугалимдердин жетишсиздигин жоюу, алардын дасыгын жогорулатуу маселелерине артыкчылык берилүүдө.

Мындан сырткары окуучуларды жаңы китептер менен толук камсыздоо, мугалимдердин айлыгын жогорулатуу маселелери кароодо. Министрлик учурда өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын аныктоо жана аны өнүктүрүү боюнча көлөмдүү талдоо жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Толук жыйынтыгы жакынкы убактарда чыгарылат.