Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы "Мадина" базарынан өрт чыкты
Кырсык
Бишкек шаарындагы "Мадина" базарынан өрт чыкты

Бишкек шаарындагы "Мадина" базарындагы өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Анда айтылгандай, өрттү өчүрүүгө жалпысынан алты өрт-куткаруучу бөлүм, ИИМдин кызматкерлери, Суу чарба башкармалыгынан төрт суу ташуучу автоунаа, Тез жардам кызматынан эки бригада тартылган. ӨКМге "Мадинада" өрт чыкканы тууралуу кабар 15-сентябрга караган түнү саат 22:53тө келип түшкөн. 

Баштапкы маалыматтарга караганда жалын базардын Чүй көчөсү тарабындагы кездеме сактаган кампасынан тутанган. 

"Мадина" базарында негизинен кездеме, жууркан-төшөк сыяктуу үй-тиричилигине керектүү буюм-тайымдар сатылат.