Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Ысык-Көл облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн таңга маал саат 04:15те Ысык-Көл облусунун аймагында, күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жер силкинүүлөр Тон районундагы Туура-Суу, Темир-Канат, Бөкөнбаев, Төрт-Көл, Кажы-Сай айылдарында 4 баллга сезилген. Ал эми Тогуз-Булак, Тамга жана Дөң-Талаа айылдарында 3 баллга жеткен. 

Такталган маалыматтар боюнча кырсыктан жабыркагандар жок.