Жаңылыктар
Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасындагы көзөмөлдөп өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Чек ара кызматынан маалымдагандай, 2-апрелден 4-апрелге чейин Торугарт унаа жол жана Эркештам унаа жолу өткөрүү бекеттери жабык болот. 

Маалыматтар боюнча чек араны убактылуу жабуу Кытай тараптын демилгеси, алар бул күндөрү өтүп кеткендерди эскерүү күндөрүн белгилейт. Транспорт каттамын калыбына келтирип, жарандарды жана жүктөрдү өткөрүү иши 5-апрелде кайра жанданат.