Жаңылыктар
Астанада аба майданында учактын мотору күйүп кетти
Кырсык
Астанада аба майданында учактын мотору күйүп кетти

Астанада аба майданында учактын мотору күйүп кетти. Казакстандын борбор калаасындагы эл аралык аэропортто “Air Astana” компаниясынын “А320” учагынын кыймылдаткычы күйүп кетти. 

Бул окуя 15-сентябрда Атырау шаарынан учуп келип, конгондон кийин болгон. Авикомпаниядан кабарлашкандай окуя аба транспортун атайын токтотуучу жайга буруп жаткан учурда катталган. “Air Astana” кабарлагандай, бортто экипаждын 8 мүчөсүн кошкондо 99 адам болгон. Өрттү аба майдандын өчүрүүчүлөрү токтотуп калышты. 

Компаниядан билдиришкендей, жабыркагандар жок. Учурда мотор эмне себептен күйүп кеткени иликтенүүдө. Казакстандын жарандык авиация комитети да учактын сол кыймылдаткычы түтөп кеткенин, жаракат алгандар болбогонун жана окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.