Жаңылыктар
Эртелеп түшкөн кар элди жүдөттү
Аймак
Эртелеп түшкөн кар элди жүдөттү

Чоң-Алай районунун Кашка-Суу жана Чоң-Алай айыл округдарында соңку 2 күндөн бери кар жаап, кардын көлөмү кызыл ашыкка чейин жетти. Бул тууралуу аталган айыл округдардын жетекчилери кабарлады. 

Тоолордо кардын көлөмү 50 смге чейин жетти. Эки аймактагы жайлоолордо калган он чакты чабан, мал-жаны менен айылга түшүрүлдү. Аларга атайын техника жиберилип, тоолорго кетчү жолдор ачылды. 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Тайырбек Жайчыбеков да маалыматты ырастап, кыштактагы карлар эрип кеткенин, тоо жана дөңсөө жактар ошол бойдон турганын айтты. Ал ошондой эле катуу суук болуп жатканын да кошумчалады.