Жаңылыктар
Белиздин белгисиз жагдайлары...
Кылмыш
Белиздин белгисиз жагдайлары...

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү “Мегакомду” сатууга кызыкдар болгонун бышыктаган документ Кыргызстанга келген эмес. Бул тууралуу аталган фракциянын бүгүнкү отурумунда УКМК өкүлү билдирди. 

2016-жылдын соңунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ал учурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев депутаттар Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова уюлдук компаниянын үлүштөрүн сатууну көздөгөнүн, Белиз өлкөсүнөн аны тастыктаган документтер келгенин жарыялаган.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев “Белизгейтке” арналган жыйынды жабык өткөрүүнү сунуштады. Бирок фракция мүчөлөрү ага макул болгон жок. Жыйынга катышкан укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө 3 депутаттын “Мегакомду” сатууну көздөгөнүн тастыктаган документ Белизден келди беле деген суроо берилди. УКМК бул багытта кызматтык териштирүү жүргүзгөн.

Мындан улам депутаттарда УКМКнын мурдагы төрагасы кайсы документтерди коомчулукка көрсөткөн деген суроо жаралууда.

Белизден келди делген документтин аныктыгын текшерүү үчүн мурдагы Башкы прокурор Индира Жолдубаева Тышкы иштер министрлиги аркылуу аталган өлкөгө кат жолдогон. Бирок, анын жообу али күнчө белгисиз.

Мындан сырткары фракция 1 айдын ичинде Башкы прокуратуранын маалыматын угуу чечимин кабыл алды. Ал эми УКМКдагы кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жарыялоо жакынкы күндөргө болжолдонуп жатат. Бул үчүн атайын кызматтын жетекчисин парламентке чакыруу боюнча төрагага кайрылуу даярдалды.