Жаңылыктар
Кыргызстанда чет элдик мигранттардын көбүн кытай жарандары түзөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда чет элдик мигранттардын көбүн кытай жарандары түзөт

Кыргызстанда чет элдик мигранттардын 79 пайызын кытай жарандары түзөт. Бул тууралуу мамлекеттик миграция кызматы билдирди. Ага ылайык, өлкөдө 8 миң 679 Кытайдын жараны катталган. Түркиянын 650 жараны, Кореядан 224, Пакистандан 171, Вьетнам, Өзбекстан жана АКШдан жалпы 450дөй жаран катталган. 

Кыргызстанда иштөө үчүн дүйнөнүн 88 өлкөсүнө уруксат берилген. Көпчүлүк чет элдиктер өнөр жай жана курулуш тармагында эмгектенишет.