Жаңылыктар
Бишкек: бийик кабаттан кулаган жаран аман калды
Кырсык
Бишкек: бийик кабаттан кулаган жаран аман калды

Бишкектеги Көк-Жар кичи районунда курулуп жаткан үйдүн 10-кабатынан кулаган адам аман калды. Маалыматка ылайык, окуя ишемби күнү, 15-сентябрда болгон. Анда 30 метрлик бийиктиктен кулаган киши Бишкектеги Травматология жана ортопедия улуттук илимий-изилдөө борборуна жеткирилген. 

Анын буту сынып, баш мээси чайкалып, төшү жабыркаган. Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Окуя боюнча Октябрь РИИБинин кызматкерлери текшерүү жүргүзүүдө.