Жаңылыктар
Өлкөдө радиатор чыгарган завод ишке берилет
Экономика
Өлкөдө радиатор чыгарган завод ишке берилет

Кыргызстанда радиатор чыгарган ири завод октябрь айында ишке берилет. Бул тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинен билдиришти. Ишкана беш жүзгө жакын адамды жумуш менен камсыз кылат. Анда үйдү жылыта турган радиаторлор жасалат. 

40 миллион доллар инвестицияга курулган заводдун жалпы аянты 60 миң чарчы метрге жетет. Эркин экономикалык аймагында курулган ишканада даярдалган продукцияны коңшу өлкөлөргө экспорттоо пландалган.