Жаңылыктар
Жалал-Абад: кырсыктарды алдын алуу иш-чарасы өттү
Кырсык
Жалал-Абад: кырсыктарды алдын алуу иш-чарасы өттү

Жалал-Абад облусунда кырсыктардын алдын алууга арналган иш-чара өттү. Анын катышуучулары кырсык болгон учурда жабырлануучуларды куткаруу, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларын үйрөнүштү. 

Андан кийин алар өрт өчүрүүчү, атайын жана авариялык-куткаруучу унаалардын коштоосунда кырсыктардын алдын алууга арналган жөө жүрүш жасашты. ӨКМдин буйругунун негизинде, 5-октябрга чейин өлкөнүн бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында кырсыктарды азайтуу боюнча республикалык деңгээлде бир айлык иш-чаралар өткөрүлөт.