Жаңылыктар
Армения: Арарат облусунда крокодил бага турган ферма ачылат
Дүйнө
Армения: Арарат облусунда крокодил бага турган ферма ачылат

Армениянын Арарат облусунда крокодил бага турган ферма ачылат. Ал жакта кафе жана атракцион дагы иштей турганын "Известия" басылмасы жазып чыкты. Жергиликтүү бийликтин айтымында бул долбоорду Танзаниядан келген ишкер колго алууда. 

Ал бул сыяктуу долбоорлорду башка мамлекеттерде дагы ийгиликтүү ишке ашырып келген. Маалыматка ылайык, ферма үчүн 15 миң гектар жер бөлүнүп, аны курууга ишкер биринчи жылы 1,5 миллион доллар салса, алдыдагы беш жылда 10 миллион доллар инвестиция кыларын кошумчалады. Ал крокодилдин терисинен жасалган продукцияларды чыгарууга кызыкдар.