Жаңылыктар
Ош: спорт комплексинде да жаңы жумушчу орундары болот
Спорт
Ош: спорт комплексинде да жаңы жумушчу орундары болот

Оштун борборунан 350 чакырым ыраакта жайгашкан тоолуу Чоң-Алай районунда быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылына карата 100 жаңы жумушчу оруну ачылат. Мерчемделген иш орундарынын теңи ишке ашты. Булар: аймактагы жаңы бала-бакчалар менен тигүү цехтери. 

Сентябрдын аяк чендеринде ишке кирчү спорт комплексинде да жаңы жумушчу орундары болот. Белгилеп кетүүчү жагдай аталган спорттук жай райондо алгачкы ирет түшүп жатат. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 14 жарым млн. сом каражат бөлүнгөн. Чоң-Алай айыл аймагынын Дароот-Коргон айылында жайгашкан стадион 4 миң көрүүчүгө ылайыкташкан.Үч чоң аймактан турган өрөөндө 31 миңден ашуун калк жашайт.