Жаңылыктар
Бишкекте ири медициналык борбор курулат
Ден соолук
Бишкекте ири медициналык борбор курулат

Быйыл Бишкек шаарында Борбор Азия боюнча эң ири оорукананын курулушу башталат. “Кыргыз-түрк достугунун Бишкектеги ооруканасы” долбоорунун алкагында ишке аша турган келишимге бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги, шаар мэриясы жана Түркиянын кызматташуу боюнча агенттигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда кол коюлду. 

Келишимдин негизги максаты- Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана бул тармак боюнча Түрк мамлекетинин тажырыйбасын Бишкек менен бөлүшүү болуп жатат. 

Министр Талантбек Батыралиевдин айтымында, долбоорду 100 пайыз Түркия мамлекети гранттык негизде каржылайт. Курулуштун жалпы суммасы 70 миллион доллар деп эсептелүүдө. 

Жаңы медициналык борбор акыркы үлгүдөгү заманбап жабдуулар менен камсыз кылынып, гастроэнтерология, кардиология, жүрөк- кан тамыр хирургиясы жана интервенциялык радиология жаатында сапаттуу кызмат көрсөтөт.