Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасы боюнча Казакстан элчилигине нота жөнөтүлдү
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасы боюнча Казакстан элчилигине нота жөнөтүлдү

Кыргыз-казак чек арасындагы Кыргызстан жарандарын ашыкча текшерүүбоюнча Казакстан элчилигине нота жөнөтүлдү.

Тышкы Иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандагы Казакстандын атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Карим Кокрекбаевди бул маселени талкуулоо учун жолугушууга чакырды. Казакстан аэропортторунда тиешелүү  кызмат адамдары тарабынан, Кыргызстан жарандарын өзгөчө текшерүүдөн өткөрүп жаткан маселеге өзгөчө көңүл бөлүп коюшун министр суранды.

Евразия Экономикалык Биримдигинин курамына кирген өлкөлөрдө «Жарандардын эркин кыймылы» аталышындагы өзүнчө келишим бар. Адистердин пикиринде, бирикменин айрым мүчөлөрү кээ бир нормаларды толук сактабай жаткандыгы маселе жаратып жатат.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"