Жаңылыктар
Ишкер чөйрөдө көйгөй көп
Экономика
Ишкер чөйрөдө көйгөй көп

Өлкөдө ишкерлер көбүнесе коррупциялык көйгөйдөн, бизнести кайра- кайра текшерүү жана мамлекеттик органдардагы бюрократиялык көрүнүштөрдөн жабыркап келүүдө. Бул тууралуу бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү Президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда айтышты. Ишкерлердин иштөөсүнө тоскоолдуктар айрыкча тоо-кен, курулуш тармактарында, мындан сырткары транспорт, логистика багытында орун алып, мамлекеттик кызматкерлер менен алака түзүү тиешелүү шартта болбой жатат. Өз кезегинде өлкө башчысы жаралган көйгөйдү чечүүнүн бир катар жолдорун сунуштады.

Бизнес чөйрөнүн 40ка жакын өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелердин, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери бир залда чогулуп отурушат. Талкуулана турган маселе абдан олуттуу. Президент белгилегендей, жыйындын башкы максаты- өлкө экономикасынын жана ишкерликтин абалы, анда орун алып жаткан көйгөйлөрдү ийри отуруп, түз кеңешүү. Өлкө башчысы бул багытта мамлекет аткарып жаткан иштерге учкай токтолду. 

Ошентсе да өкмөттүн, сот системасынын жана укук коргоо органдарынын дарегине бизнес коомчулугунун айта турган олуттуу дооматтары жана бере тураган суроолору бар. Президент ал дооматтар жүйөлүү экенин белгилеп, өлкө башчысына түшкөн кайрылуулар жана бардык ишкерлерге тиешелүү болгон көйгөйлөргө токтолду. 

Өз кезегинде ишкер чөйрөнүн көйгөйлөрүн да өз оозунан угуп, абалды жакшыртуу үчүн бийлик бутактарынан кандай чаралар керектигин талкуулап, жыйынтык чыгаруу зарылдыгы белгиленди. Ишкерлер тоскоолдукка көп кабылып жаткан тармактар боюнча айтышты. Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков Кыргызстанда ири инвесторлорду жана ишкерлерди текшерүүлөр күчөп, кошумча төлөм өндүрүү аракети болуп жатканын билдирди. Ал буга тоо-кен тармагындагы абалды мисал келтирип, эл аралык компаниялар Кыргызстанда иштөөдөн баш тартып жатканын белгиледи. 

Ал эми бизнеске жолтоо болгон эң башкы маселе коррупция болууда. Жеке ишкерлер мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери менен алака түзүүдө пара талап кылынган учурлар көп экенин айтышып, паракорчулукка каршы күрөштү бизнес чөйрөдө күчөтүү зарыл экенин белгилешти. 

Ишкерлер авиакаттамдар жана анын бааларына байланышкан маселелерди көтөрүшүп, Ош шаарынан Түркияга түз каттам ачуу маселесин тездетүүнү суранышты. Мындан сырткары Ош-Бишкек багыты боюнча билеттер 4 миң сом болуп, кымбаттап кеткени айтылып, бул биринчиден авиакомпаниялар арасында атаандаштыктын жоктугун, экинчиден карапайым калктын капчыгына сокку болуп жатканын белгилешти.