Жаңылыктар
Тоолуктарда жыйым-терим өнөктүгү кандай жүрүп жатат?
Аймак
Тоолуктарда жыйым-терим өнөктүгү кандай жүрүп жатат?

15-сентябрда кар түшкөн Чоң-Алай өрөөнүндө кылкандуу дан эгиндери 80 пайызга гана жыйналган. Жазы кеч келген райондун тургундары азыр картөшкө жыйноого камынууда. Быйыл бул өсүмдүктүн түшүмү мол экенин айткан дыйкандар, учурда аны сактай турган ороолорун ырастап жаткан чак. Тоолуктарда жыйым-терим өнөктүгү кандай жүрүп жатат?

Чоң-Алайлыктар муну жер төлө дешет. Азыркы тил менен айтканда бул-логистикалык борбор. Мында температура менен нымдуулук -2 градуста туруктуу кармалышы шарт. Караңгы, салкын жерде жашылчаны кышы бою сактаганга болот. 

Чоң-Алай районунун тургуну тереңдиги 3 метр 80 см , узуну 15 метр , эни төрт метр болду. Араларына тирөөчтөрдү коюп чыксам эле болду. 

Акжол Сатыбеков, бул жайга быйыл кеминде 30 тонна картөшкө сактайм деп ниеттенип турат. Ал үчүн 1 жарым гектар жерине картөшкөнүн мыкты сортун тандап тиккен. Картөшкө- 8 адамдан турган үй-бүлөнүн жалгыз киреше булагы. Дыйкан, сугат суу тартыш болбогондо түшүмдүүлүк мындан эки эсеге көп болоорун айтат. 

Быйылкы аптаптуу жайда аймакка жаан сейрек жааган. Мындайда, сугат суунун кадыры артып, суунун кезеги 15 күндө бир ирет, ар бир дыйканга жеринин аянтына карабай, 8 саттан берилип турган. 

Каналдын курулушунун жергиликтүүлөр үчүн мааниси чоң. Аймактын эли негизинен картөшкө сатып тиричилик кылат. Экинчи нан иретинде колдонулган бул азыктын түшүмдүүлүгү сугаттан көз каранды. Аймактагы 1миң 700 гектар аянттан жылына 30 миң тоннадай картөшкө жыйналат. Бул үчүн Кызыл-Суу дарыясынын үстүнөн экинчи жээкке алып өтүүчү суу куурлары биринчи ирет тартылды. 

Натыйжада, Жекенди айыл аймагында кеминде 2000 (миң) гектар жерге сугат суу берүү жакшырат. Мунун миң гектардайы жаңыдан өздөштүрүлгөнү турат. Аймакта жалпы 8миңдей эл жашайт. Каналдын курулушу 2019-жылы аяктайт.