Жаңылыктар
Жаңы курулуп жаткан үйдүн 13-кабатынан кулап кеткен жаран аман калды
Кырсык
Жаңы курулуп жаткан үйдүн 13-кабатынан кулап кеткен жаран аман калды

Жаңы курулуп жаткан үйдүн 13-кабатынан кулап кеткен жаран аман калды. Ал Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын 7-моюн омурткасы сынып, мээси чайкалып, дагы ар түрдүү жаракаттарды алган.

33 жаштагы Александр кесиби боюнча ширетүүчү. 15-сентябрда досуна жардам бергени "Памир строй" курулуш компаниясы салып жаткан Көк-Жар конушундагы объектиге келген. Кантип кулап кеткенин өзү да айта албайт. Башы менен ылдый түшүп бара жатканда жашоо менен кош айтыштым деп ойлогон. 

Александрдын Вера Казилова менен баш кошуп, чогуу түтүн булатканына 13 жыл болду. Ортодо бир уул, бир кызы бар.

Дарыгерлердин айтымында бейтаптын абалы орто. Көп кан жоготкон. Мындай бийиктиктен кулаган киши соо калбайт. 

Көк-Жар кичи районундагы "Памир строй" курулуш компаниясы курган турак жай пайдаланууга берилген. Бирок майда-чүйдө жумуштары калган. Жумушчу топтун бригадири бардык коопсуздук эрежелери сакталганын айтат. Кулап кеткен Александр спирт ичимдигин ичкен.