Жаңылыктар
“Супара” этнокомплексинде 18-сентябрга караган түнү өрт чыкты
Кырсык
“Супара” этнокомплексинде 18-сентябрга караган түнү өрт чыкты

Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылынын Карагул-Акмат көчөсүндө жайгашкан “Супара” этнокомплексинде 18-сентябрга караган түнү өрт чыкты. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, жеринде өрт өчүрүүчү жети унаа иштеп, таңкы саат 6:46да толугу менен өчүрүлдү. 

Окуянын видеосун Мирлан Муратов аттуу интернет колдонуучу Youtube каналына жүктөгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.