Жаңылыктар
Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын "Ак-Тилек" базарында чыккан өрт өчүрүлдү
Кырсык
Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын "Ак-Тилек" базарында чыккан өрт өчүрүлдү

Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын "Ак-Тилек" базарында чыккан өрт өчүрүлдү. Тилсиз жоо тууралуу маалымат ӨКМге 17-сентябрда кечки саат 22:35те түшүп, өрт өчүрүүчүлөр аны эки сааттан кийин чектөөгө алышкан. 

Аны өчүрүүгө жалпы төрт бөлүм тартылды. Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон эч ким жабыркаган эмес. 

Бирок материалдык чыгымга учурагандар бар. Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери аныктала элек. Ишкерлер канча чыгымга учураганы да такталып жатат.