Жаңылыктар
Апрель революциясынын баатырлары эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Апрель революциясынын баатырлары эскерилди

Апрель революциясынын баатырларынын жасаган эрдиги эч качан унутулбайт. Алар байлык, бийлик үчүн эмес, акыйкаттык жана чындык издеп көчөгө чыгышкан. Бул тууралуу бүгүн 7-апрель элдик ыңкылаптын 6 жылдыгына арналган иш-чарада айтылды. 

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өз сөзүндө, азыр апрель революциясынын жеңишин жокко чыгарууга, бул улуу күндү өчүрүүгө далалат кылгандар бар экенин, бирок мындай аракеттердин ишке ашуусуна эч качан жол берилбесин билдирди. 

Ошондой эле, маанилүү 3 тарыхый окуя- 2002-жылдагы Аксы окуясы, 2005-жылдагы март жана 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстан өзгөрүп, өзүнүн өнүгүү жолун тапканы белгиленди. 

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 6 жыл мурун 7-апрелде 87 азаматтын өмүрү кыйылганын, андан кийин ар кандай жарааттардан улам дагы 35 киши каза болгонун билдирди. Андыктан апрель революциясынын жеңишин уурдатууга укугубуз жок деди.