Жаңылыктар
Бишкекте бала сатууга шектелген төртүнчү дарыгер камакка алынды
Кылмыш
Бишкекте бала сатууга шектелген төртүнчү дарыгер камакка алынды

Бишкекте бала сатууга шектелген төртүнчү дарыгер кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалым болгондой, кылмышка шектүүлөрдүн артында чет өлкөлүк жарандар турат деген божомолдор туура эмес.

Алар Орусия менен Казакстанда көп жылдан бери жашап, ошол өлкөлөрдүн жарандыгын алган кыргызстандыктар. Учурда териштирүү иштери уланууда. Билдирүүгө ылайык, шектүүлөр дарыгерлердин жардамы менен балдарды багып алган. 

Балдардын алды бешке чыккан, арты ымыркай. Эске салсак, ордо калаада Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун биринде иштеген гинекологдор бала сатууга шектелип 7-сентябрда кармалган. 

Алгач үчөө камакка алынып, бирөө баласы кичинекей болгону үчүн үй камагына чыгарылган. Бул ишке байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “адам сатуу”, “мыйзамсыз бойдон алуу” жана “жалган документтерди даярдоо” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.