Жаңылыктар
"Эне тил жана Айтматов" аттуу мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды
Маданият
"Эне тил жана Айтматов" аттуу мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялады. Ал “Эне тил жана Айтматов” –деп аталат. Максаты кыргыз тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү,  Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүү, жазуучунун чыгармаларын жайылтуу, өрнөктүү өмүр жолун даңазалоо аркылуу  жаш муунду мекенчилдикке, мыкты сапаттарга тарбиялоо. 

Үч айлык 12-декабрда Айтматовдун туулган күнүнө карата жыйынтыкталып,баалуу сыйлыктар тапшырыла турганын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Назаркул Ишекеев кабарчыбызга курган маегинде билдирди.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи Радио"