Жаңылыктар
Өлкө аймагындагы өрт кырсыктарынын себеби эмнеде?
Кырсык
Өлкө аймагындагы өрт кырсыктарынын себеби эмнеде?

Бишкекте кайрадан тилсиз жоо катталды. Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында жайгашкан “Супара” этнокомплексинде өрт чыгып, бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген жок. Учурда өрттүн чыгуу себептерин аныктоо иштери жүрүп жатат. 

Супара этнокомплексинде тилсиз жоо болжол менен 18-сентябрга караган түнү саат 2 тутанган. Окуя болгон жерге 7 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, өрт таңкы саат 7 жакын толугу менен өчүрүлгөн. Болжолдуу маалыматтар боюнча эс алуу жайынын 500 чарчы метр аймагы күйүп кетти.

Экотехинспекциянын өкүлдөрү кабарлагандай, кырсык болгон эс алуу жайы май айында текшерилген. Анда өрткө каршы чаралардын толук сакталбагандыгына байланыштуу, сентябрь айынын аягына чейин бир катар тапшырмаларды ишке ашырууга милдеттендирилген болчу.

Супарадагы өрт быйылкы жылы катталып жаткан алгачкы кырсык эмес. Жыл башынан бери ири базарлардан, кафе-ресторандардан өрт чыгып, канчалаган ишкерлер зыян тартышты.

Жыл жаңыраары менен 8-январда Ысык-Көлдөгү Бостери айылында “Осьминог” кафеси өрттөнсө, январь айы аяктабай жатып, "Ош" базарын өрт каптаган. Мындан туура эки ай өтпөй эле "Ош" базарындагы "Сейтек" кичи базарынан кайрадан кырсык катталып, ошол эле "Ош" базарын 13-апрелде үчүнчү ирет тилсиз жоо каптаган. Ал эми күздүн биринчи күнүндө ордо калаадагы "Арзу" ресторанын өрт чалса, апта башында эле ири делген "Мадина" базары өрттөнгөн болчу. Жума аяктабай жатып эми "Супара" этнокомлексинен да өрт чыкты.