Жаңылыктар
Ишкерлердин укугун жана жеке менчикти коргоого өзгөчө басым жасалуусу каралууда
Экономика
Ишкерлердин укугун жана жеке менчикти коргоого өзгөчө басым жасалуусу каралууда

Мындан ары өлкөдө бизнес чөйрөнүн иш алып баруусуна өзгөчө шарттар түзүлүп, ал эми мамлекеттик органдарда алардын укугун коргогон Бизнес-омбудсмен институту киргизилет. 

Бул күн мурун өлкө башчысы менен ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусунда кабыл алынган чечимдердин бири болду. Эми ишкерлердин укугун жана жеке менчикти коргоого өзгөчө басым жасалып, мамлекеттик органдардын бизнестин ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

Ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү тизмектеген көйгөйлөр Кыргызстанда кечээ эле пайда боло калган жок. Айрыкча тоо-кен, курулуш тармагы, туризм, транспорт жана логистикада ишкерлерге бут тосуулар чектен чыккан десе болот. Сөз мамлекеттик мекемелер менен бизнес чөйрөнүн ортосундагы мамиле тууралуу болуп жатат.