Жаңылыктар
Акыйкатчылыкка сунушталган талапкерлер парламенттин кароосуна жөнөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Акыйкатчылыкка сунушталган талапкерлер парламенттин кароосуна жөнөтүлдү

Акыйкатчылыкка сунушталган талапкерлер парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Кыргызстандын акыйкатчысы кызмат ордуна фракциялар тарабынан көрсөтүлгөн беш талапкерди парламенттин кароосуна жөнөттү. 

КСДП фракциясы Токон Мамытовдун талапкерлигин, “Бир бол” фракциясы үч талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, “Ата Мекен” фракциясы Канат Азиздин талапкерлигин сунуштаган. 

Эске салсак, мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаев 26-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.