Жаңылыктар
Паспорт берүүдөгү мыйзамсыз аракеттер
Коррупция
Паспорт берүүдөгү мыйзамсыз аракеттер

2017-жылы мыйзамсыз паспорт берүүгө байланыштуу 27 факт боюнча кылмыш иши козголгон. Быйыл ушундай эле негизде алты факт катталып, иш козголду.

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин башчысы Махабат Пратованын айтымында, бир пин-кодду эки адамга берип койгон учурлар кездешип жатат. 

Буга чейин кыргыз паспорттору чет өлкөлүк жарандарга, кримтөбөлдөргө, бозгундагы саясатчыларга берилген бир канча факты катталган. ИИМдин маалыматына ылайык, 2015-2016-жылдары мыйзамсыз паспорт берүүгө, жасалма паспортторго байланыштуу 228 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде сотко 125 иш жөнөтүлгөн. 

Ондогон кылмыш иштери айыпталуучунун кайда экенин аныктоого мүмкүн болбогондуктан жана "кылмыш жообуна тартыла турган адамдар аныкталган жок" деген жүйө менен токтотулган.