Жаңылыктар
“Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” долбоору өз ишин улантат
Экономика
 “Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” долбоору өз ишин улантат

Өлкөдө “Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” долбоорунун 3-мезгили ишин баштаганы турат. Долбоор аймактардагы жаш ишкерлердин иш баштоосуна жардам берүүнү көздөп, 2016-жылдан бери жайылтылып келет. Жаңыдан иш баштагысы келген ишкерлердин биринчи көйгөйү каражаттын жана бизнес-идеяларды жайылтууга колдоонун жоктугу. 

Ушундан улам 2016-жылдан бери өлкөдө “Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” долбоору кадам таштап, иш баштаган ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, бизнесин туруктуу өнүктүрүүгө бардык тараптан жардам берип келет. Эки жылдын ичинде аймактардан сынактын негизинде тандалып алынган мыкты 28 долбоор каржыланды. Алардын дээрлик баары иштеп жатат.