Жаңылыктар
Депутаттар өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн талапкерлигин жактырышты
Саясат
Депутаттар өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн талапкерлигин жактырышты

Парламент депутаттары “Белизгейтке” байланыштуу жашыруун экени айтылып жаткан документтердин мазмунун ачыкка чыгарууну талап кылышты. Маселе эми Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралып, андан соң кайра жалпы жыйынга чыгарылат.

Парламенттеги бүгүнкү отурумда “Белизгейттен” сырткары башка маселелер да каралды. Депутаттар өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн талапкерлигин жактырышты. 

Өкмөттүн бош турган кызмат орундарына талапкерлерди депутаттарга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Аткаруу бийлигинин аппаратын башкарууга Шамилбек Асымбеков, Юстиция министрлигине Марат Жаманкулов, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Эмил Осмонбетов сунушталды.