Жаңылыктар
Айтматовдун 90 жылдыгы дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө белгиленүүдө
Маданият
Айтматовдун 90 жылдыгы дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө белгиленүүдө

Кыргыз элинин улуу жазуучусу, кара сөздүн кеменгери болгон Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы Кыргызстанда гана эмес дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө белгиленүүдө. Бул жылды ТҮРКСОЙ уюму да "Чыңгыз Айтматовдун жылы" деп жарыялагандан бери түрк тилдүү мамлекеттерде салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүүдө. 

Ал эми залкардын өзүнүн мекени болгон Кыргызстанда эскерүү иш-чаралары байма-бай уюштурулуп, калемгердин улуулугу, таланты даңазаланууда.