Жаңылыктар
Бишкекте окуучулардын жүрөк-кан тамыр тутуму текшерилүүдө
Ден соолук
Бишкекте окуучулардын жүрөк-кан тамыр тутуму текшерилүүдө

Борбор калаада жаңы медициналык ыкма менен окуучулардын жүрөк-кан тамыр тутуму текшерилип жатат. Мындай дарт аныктоо ыкмасынан учурда 3 миңден ашык бала өттү. Медициналык кароо кардиологиялык ооруларды жаш куракта аныктап, алдын алуу максатында уюштурулду. Бардык кызматтар акысыз жүрүүдө.

Мындай медициналык текшерүүлөр балдардын саламаттыгына кам көрүп, ар кандай дарттын алдын алуу максатында өтүп жатат. Дарыгерлердин көрсөтмөсү менен бул балдарга сапаттуу медициналык жардам берилет.