Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети жарандарды көмүрдү эртерээк сатып алууга чакырууда. Анткени мындай кадам каражатты да, убакытты да үнөмдөгөнгө өбөлгө болот.
Кыш жакындаган сайын быйыл кара алтындын баасы кандай болот деген маселе карапайым калктын көңүл борборунда болот.
Жер казынасын пайдалануу комитети көмүрдүн баасы кымбаттабай турганын билдирип, өлкөдө кара алтын өткөн жылдарга салыштырмалуу кенен экенин айтууда.