Жаңылыктар
“Салбуурун” келечекте дүйнөгө тараган оюндардын бири болот
Спорт
“Салбуурун” келечекте дүйнөгө тараган оюндардын бири болот

“Салбурун” аңчылыкка чыгуу дегенди түшүндүрөт. Аталган федерация жаа атуу, тайган агытуу, куш салуу өнөрлөрүн маданияттын бир тармагы катары өнүктүрүү менен келечекте спорттун түрүнө айлантууну максат кылып келе жатат. Жакында эле III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында мелдештер орун алды. Салбуурун федерациясынын ишмердүүлүгү, алдыдагы пландары тууралуу Спорт+ программасында талкууладык.


Студиянын меймандары: Салбуурун федерациясынын мүчөсү Азамат Акунов, жаачылар Самат Суеркулов жана Аида Акматова болду.


Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Улан Касенов, Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"