Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Кемин районуна барат
Саясат
Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Кемин районуна барат

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен өлкөнүн аймактарын кыдырууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда Мамлекет башчысы жумуш сапары менен Чүй облусунун Кемин районуна барат. 

Анын алкагында Президент Кемин районундагы Орловка шаарындагы күн энергиясынын рыногуна багытталган монокристалл куймаларды жана пластиналарды өндүрүүчү "Астра Солар Технолоджис" ишканасы менен таанышып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугат. Белгилей кетсек, мамлекет башчы кызматына киришкенден бери буга чейин Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында иш сапар менен болгон.