Мурунку коалиция тарап, анын ордуна жаңысы куралды. Тагыраагы оппозициядагы жалгыз фракция “Республика- Ата Журт” көпчүлүктүн катарына кошулса, ал эми “Кыргызстан” фракциясы азчылыкта калды.
Ошондой эле, буга чейин бош турган шаардык кеңештин төрагасынын ордуна эл өкүлү шайланып, орун басары да өзгөрдү. Бул жолку келген төрага Бишкек шаардык кеңештин тарыхында эң жаш башкаруучу болуп эсептелет.
Бишкек шаардык кеңешинде толугу менен өзгөрүүлөр орун алды. Бул жолку жыйында, депутаттар коалиция тараганын жарыялап, бир нече дайындоолорго жетишти.
Буга чейин көпчүлүк коалицияны КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” түзсө, шаардык кеңештин төрагалыгына депутат Кубанычбек Конгантиевди көрсөткөн “Кыргызстан” оппозицияда калды.
Ал эми 12 мандаты бар “Республика-Ата Журт” фракциясы 3 фракция менен тил табышып 4 фракциянын башы бирикти. Депутат Канат Мүзүралиев депутаттар эл үчүн иштеш керек деген ишенимде.