Жаңылыктар
Экономикалык долбоорлор колдоого алынат
Экономика
Экономикалык долбоорлор колдоого алынат

Чакан жана ири ишканалардын саны боюнча Кемин району да башка аймактардан артта калган жок. Маселен Орловка айылындагы монокристаллдык куйма жана күн энергиясын пайдалануу үчүн такталарды чыгарган ишкана кубаттуулугун жогорулатып, бүгүн акыркы үлгүдөгү заманбап жабдыкты ишке киргизди. Ага Президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, мындай ири долбоорлорго мамлекет ар тараптан колдоо көрсөтөрүн билдирди.


Кемин районунун Орловка айылындагы бул жаңы ишкананын ордунда илгери химия металлургиялык ири завод иштеп турчу. Союз тарагандан кийин башка ишканалардай эле ал да токтоп калган. 2000-жылдардан тарта дүйнөдө күн энергиясын пайдалануу боюнча ири программалар ишке кире баштаган. 

2003-жылы ишкер Ярослав Кузнецов химия металлургиялык заводдун ордуна чакан ишкана ачып, күн энергиясын пайдалануучу батареяга керектеле турган монокристаллдык куймаларды жана такталарды чыгара баштаган.


Айтмакчы, 2020-жылга карата Россиянын күн энергетикасы боюнча мамлекеттик программасы күн модулдарын керектөөнү 500 МВтка чейин жеткирүүнү мерчемдөөдө. Бул Орловка айылындагы ишкананын өндүрүшүн 4 эсе кеңейтип, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы поликремний өндүрүшүн ишке киргизүүгө инвестиция тартуу үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.