Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда курулушу аягына чыкпаган мектептер бар
Билим
Ысык-Көл облусунда курулушу аягына чыкпаган мектептер бар

Ысык-Көл облусунда он беш мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жатат. Булардын айрымдары акыркы он жылдан бери курулушу аягына чыкпай келүүдө. Башкы себеп - керектелүүчү каражаттын өз убагында бөлүнүп берилбегени болууда. 


Анткен менен быйыл алардын ичинен үч мектеп пайдаланууга берилгени турат. Ал кайсы билим уялары жана эмне себептен башка мектептердин курулуштары унутта калып жатат? 

Ысык-Көл облусунда жалпы он беш мектеп республикалык бюджеттин эсебинен салынууда. Алардын айрымдарынын курулуштары он жылдап созулуп кеткени жергиликтүү бийликти да, окуучу, мугалим, ата-энени да түйшүккө салууда. 


Чатырдан жаандын суусу түшүп, жыртык-тешиктен суук арылдап турса кайдагы сапаттуу билим. Ысык-Көл районундагы Чырпыкты айылында он жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектеп быйыл октябрь айында ишке берилет.


Чаң топого ойноп, бейкапар билим алганы кирип бара жаткан бул балдар Тоң районун Бөкөнбаев айылындагы Токтобай уулу Шамей атындагы мектептин балдары. Эски мектеп ураганы калса да билим берүү уланып жатат. Башка айла жок.

Ырысбүбү Байтикова, мугалим:


Бул кичине корпустарыбызда экиден класстар окушат. Бирок окуучуларыбызга жада калса парталарыбыз жетишпейт. Бул мектеп 1992-жылы иштеп баштаганда айылдагы башка мектептерден парталарды чогултуп келгенбиз. Алар сынып бүттү, ошону зым менен байлап салып эптеп отургузуп жатабыз азыр. Боор оругандай эле абалдабыз да.

Айылга жаңы мектеп салына баштаганына быйыл беш жылдын жүзү болуптур. Беш жылдан бери улам жаңы шайланган премьер-министрлер көрүп кеткени эле болбосо, иш ордунан жылбаптыр. Акыры быйыл каражат которулуп мугалимдер, окуучулар үчүн бир аз ыңгайсыз болсо да курулуш иштери жүрүп, декабрь айына чейин жаңы мектеп ишке берилгени турат.