Жаңылыктар
Кургак учукту бирге жеңебиз!
Ден соолук
Кургак учукту бирге жеңебиз!

Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында 26-сентябрда Кургак учук оорусуна каршы күрөшүп аны жоюу багытында жыйын өтөт. 

Анда илдетке чалдыккан адамды басмырлабоо, туура дарылоого байланыштуу бир топ орчундуу маселелер көтөрүлөт. Ага Кыргызстандын Президенти баштаган делегация барып катышат. 

47 жаштагы Александр Олейник өзүнө жабышкан бул оору менен үч жылдан бери күрөшүп келет. Алгач ооруп жүргөнүн сезбей эле иштеп жүрө берген. Качан гана илдети белгилүү болгондо шаардагы клиникалык ооруканада андан кийин Ысык-Көлдөгү реабилитациялык борбордо дарыланып чыккан. Эки жарым айдан бери шаарда эки жыл мурун түзүлгөн ушул борбордо жашап да, дарыланып да келет.

Буга чейин бул борборго баш-аягы 72 оорулуу кайрылып, анын 46сы айыгып кетишкен. Көбү өздүгүн тастыктаган документке да ээ болуп кайтышты. Ал эми азыркы тапта Александр сыяктуу сакайууну көксөгөн 10 адам бар. Алар ар кайсы жерден келишкен. Айрымдарынан үй-бүлөсү баш тартса, көпчүлүгүнүн бараарга жери жок. Кубаттуу болуу үчүн тамагын өздөрү түрлөп жасап ичишет.

Мына ушул кургак учук оорусу менен күрөшүүгө тарыхта биринчи жолу Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму олуттуу көнүл буруп алдыдагы 20 жыл аралыгында, тагыраак айтканда, 2050-жылга чейин бул илдетти түп орду менен жок кылууну максат кылышууда.