Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын катчылыгына барды. Жогорку Кеңештин делегациясы ТүркПАнын азыркы учурда жүргүзүп жаткан иши менен таанышып, катчылык тарабынан мерчемделген иш-чаралар тууралуу маалымат алды. Ошондой эле, аталган Парламенттик ассамблеянын келечеги жана өнүгүү багыты талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ассамблеянын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов делегация мүчөлөрүнө үстүбүздөгү жылдын 20-22- ноябрь күндөрү Түркиянын Измир шаарында өтүүчү ТүркПАнын 8-пленардык жыйынына карата көрүлүп жаткан даярдык иштери тууралуу маалымат берди. Андан соң, Төрага баштаган эл өкүлдөрү катчылыктын бакчасына дарак көчөтүн отургузуу аземине катышты.