Жаңылыктар
Аз кыймылдаган адамдын инсультка кабылуу коркунучу жогору
Ден соолук
Аз кыймылдаган адамдын инсультка кабылуу коркунучу жогору

Күнүнө жарым саат таза абада сейилдөө инсульт, инфаркт сыяктуу мээ, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууга жардам берет. Бул тууралуу швециялык окумуштуулардын чыгарган тыянагына таянып, чет элдик басыламалар жазып чыкты. 

Алардын айтымында таза абада сейилдөө мээ, жүрөк жана кан тамырларды ар кандай оорулардан коргойт. Кыймыл канчалык көп болсо, ошончолук кандын жүрүшү жакшырып, мээге кычкылтек оңой жетет. Окумуштуулар бир нече жылдар бою инсультка кабылган 2 миңден ашык оорулууну иликтеп көргөн. Аларды сурамжылаган учурда көпчүлүгү ден соолугу соо кезде аз кыймылдаганын айтышкан.