Жаңылыктар
С.Жээнбеков: "Насыя берүүдө жарандардын социалдык-экономикалык абалын эске алуу зарыл"
Экономика
С.Жээнбеков: "Насыя берүүдө жарандардын социалдык-экономикалык абалын эске алуу зарыл"

Мамлекеттик ипотеканы өлкөнүн ар бир жаранына жеткиликтүү кылып, анын пайыздык ченин дагы да төмөндөтүү керек. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчисин жана каржы министрин кабыл алуу учурунда билдирди. Өлкө башчысы учурдагы пайыздык чендер бюджеттик мекемелерде иштегендер үчүн оор болуп жатканын белгилеп, насыя берүүдө жарандардын төлөө жөндөмдүүлүгүн жана социалдык-экономикалык абалын эске алуу зарыл деди.

Ыңгайлуу жана жайлуу 2 бөлмөлүү батирде Белек Осмонов үй бүлөсү менен 2 жылдан бери жашап жатат. Өзү кыргыз Улуттук консерваториясында мугалим, 3 баласы бар. Башында ал дагы үй бүлөсү менен батирден батирге көчүп, бир канча убакыт окуу жайдын жатаканасында да жашаган.

Ипотеканы 15 жылдык мөөнөткө алышкан. Белек келинчеги экөө тең иштеп кыйналбай эле төлөп жатабыз дейт. Ал башында ипотекага турак жайды банктан алууга да аракет кылып көргөн. Бирок шарттары туура келген эмес.

Мамлекет ипотекалык кредиттердин пайыздык ченин 7 пайызга чейин төмөндөтүүгө даяр. Бул маселе азыр каралып жатканын Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчиси Бактыбек Шамкеев билдирди. Анын айтымында, бул бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине тиешелүү болмокчу.

Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчиси жана каржы министри ипотекалык насыялоону ишке ашыруу жана анын шарттарын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан жумуштарды өлкө башчысына айтып беришти. Маалым болгондой, азыркы күндө 8-10 пайыздык чен менен суммасы 3,7 миллиард сомго 3450 ипотекалык насыя берилген. Ошондой эле быйылтан тарта эконом-класстагы көп батирлүү үйлөрдүн курулушу башталган. Ал жарандарга ижарага берилип, кийин аны сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул механизм алгачкы төлөмдү талап кылбайт жана пайыздык ченемди 6% чейин төмөндөтүүнү камтыйт. Бактыбаек Шамкеев азыркы учурда Нарын шаарында 5 кабаттуу 60 батирлүү жана Бишкек шаарындагы „Тунгуч“ кичирайонунда 9 кабаттуу 135 батирлүү эконом-класстагы үй курулуп жатканын билдирди.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2017-жылы ипотекалык насыялоону ишке ашыруу үчүн бюджеттен 1,3 миллиард сом, 2018-жылы 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. 2019-жылы бул сумманы 2 миллиард сомго жеткирүү болжолдонууда. Президент Сооронбай Жээнбеков социалдык багыттагы «Арзан турак жай» Программасын ишке ашырууда МИК жарандардын төлөө жөндөмдүүлүгүн жана социалдык-экономикалык абалын эске алуу зарылдыгын белгиледи. Жана мамлекеттик ипотеканы бир мамлекеттик кызматкерлерге эмес, бардык жарандарга жеткиликтүү кылуу тапшырмасы берилди. Президент күн мурун Кемин шаарында жергиликтүу тургундар менен жолугуп жатып, калкка ипотекалык насыяларды берүү иши кийинки кезде солгундап кеткенин айтып, бирок ипотека берүү ишин күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруларын билдирген.

Президент эконом-класстагы көп батирлүү турак жайларды куруу долбоорун ишке ашырууга токтолуп, аларда аймактарда курууну жана турак жайлардын чарчы метринин наркы калктын көпчүлүгү үчүн жеткиликтүү болушун баса белгиледи. Мамлекеттик ипотекалык компанияга бюджеттен тышкаркы кошумча ресурстарды тартууну, финансы министрлиги менен бирдикте мамлекеттик ипотека программасын ишке ашыруу үчүн кошумча ресурстарды издеп табууну сунуштады.