Жаңылыктар
Ч.Айтматовдун чыгармалары бөбөктөрдүн тили менен
Маданият
Ч.Айтматовдун чыгармалары бөбөктөрдүн тили менен

Залкар жазуучу, кыргыз элинин сыймыгы Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары бөбөктөрдүн тили менен. Борбор калаада 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык салтанат өттү. 

Бул күнгө арналган иш-чарага Октябрь районунун бала бакчаларынын тарбиялануучулары менен мектеп окуучулары катышып, Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окушту. 

Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаранын башкы каармандары - мектеп окуучулары менен бакчадагы бөбөктөр болду. Бул мотуракайлардын аткарганы көрүүчүлөрдүн купулуна толду.