Жаңылыктар
Кыргызстанда кыз ала качуу дагы деле токтобой келүүдө
Кылмыш
Кыргызстанда кыз ала качуу дагы деле токтобой келүүдө

Кыз ала качуу Кыргызстанда дагы деле токтобой  келет. Турмуштун ачуу даамын кыздар үй бүлө кура электе эле зордуктоо, мажбурлап  күйөө берүү аркылуу  татып, бул көрүнүш  системага айлануу менен  аялдардын укугу одоно бузулууда. Мындай маалыматтар, 18-сентябрь күнү   Бириккен Улуттар  Уюмунун  аялдарга карата  дискирминацияны жоюу  боюнча  комитетинин  докладында жарык көргөнү айтылууда. Изилдөө иштерин аталган комитеттин эки мүчөсү жүргүзүп, сурамжылоого Бишкек, Ош жана Каракол шаарындагы  жарандык коомдун өкүлдөрү, жабыркаган тараптар, ондогон диний көз  карашты карманган жарандар  жогорку кызмат адамдары катышкан. Комитет Кыргызстанды  жапа чеккен жарандарга жардам  көрсөтүүгө чакырып, 2019-жылдын март айына  чейин  бул  багытта аткарылган жумуштар  боюнча  отчетту тапшырышы керектигин билдирген.  Талдоочулар  кыз ала качуу  адам уурдоо  катары  каралып, жоопкерчилик күчөтүү талабын коюшууда.  Ички иштер министрлигинен алынган маалыматтарга караганда, 2013-жылдан 2018-жылга  чейинки аралыкта  бул факт менен  жарандардан  500 дөн ашык арыз түшкөн. Анын ичинен 167  иш боюнча кылмыш иши козголду.  

Кызды зордоп күйөөгө  берүү, макул болбосо ала качып кетүү  кыргыздын турмушуна  мурдатан  сиңген  адатка  айланып  калганы маалым. “Кыздын барар жери күйөө”, “Таш түшкөн жеринде  оор”, Кызды сураганга бер!”,-деген  накыл кептердин төркүнү деле  ала качуу туюнтса  керек. Байыркы  заманды  мындай  кой, союз учурунда  деле бой жеткен  кыздардын  басымдуу бөлүгү дал ушундай жол менен  үй бүлө фундаментин түптөгөнү  жашыруун  эмес. Өкүнүчтүүсү мындай  адат дагы деле уланып келгендигинде дешет адистер. Мажбурлап  күйөөгө  чыккан  кыз ордун таап  кетсе жакшы, а бирок анын арты  өкүнүчтүү көрүнүш  менен  бүтөрүн  коомчулук  Бурулайдын  окуясынан  кийин эл арасында  кыз ала качууга кескин  сын-пикирлер арбын айтыла баштады.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"