Жаңылыктар
Өлкөдө Республикалык жаш өспүрүмдөр арасында “Карек” фестивалы өтөт
Маданият
Өлкөдө Республикалык жаш өспүрүмдөр арасында “Карек” фестивалы өтөт

Кыргызстанда «Карек» аттуу 3-республикалык балдар жана өспүрүмдөр арасында фестивалы өтөт. 14-15-ноябрга белгиленген сынакка Кыргызстанда же чет өлкөдө жашаган кыргыз жарандарынын 10 жаштан 17 жашка чейинки балдары катыша алат. 

Учурда кино дүйнөсүнө кызыккан өспүрүмдөрдүн арысында кабыл алуу башталды. Окуучулар 10 мүнөткө чейин «Менин дүйнөм» же «Мен жана табият» деген темадагы тасмаларын каалаган жанрда тартып 15-октябрга чейин жөнөтсө болот. Саамалык балдарды жаштайынан чыгармачылыкка аралаштырып, кино тармагын терең түшүндүрүүнү көздөйт.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"