Жаңылыктар
Бишкекте Кан донорлорунун улуттук күнүнө карата бир жумалык акция башталды
Ден соолук
Бишкекте Кан донорлорунун улуттук күнүнө карата бир жумалык акция башталды

Бишкекте Кан донорлорунун улуттук күнүнө карата бир жумалык акция башталды. Айта кетсек, кан донорунун күнү Кыргызстанда жыл сайын сентябрь айынын акыркы жекшембисинде белгиленет. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы 25 жылда өз ыктыяры менен кан тапшырган адамдардын саны кыйла кыскарганын билдирүүдө. 

Алсак, 1985-жылы 178 миң донор бар болсо, 2016-жылы алардын саны 39 миңге чейин азайган. Ал эми былтыр 37 миңдин тегерегинде экени аныкталды. 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стандарты боюнча 1 миң адамга 40 донор болушу керек, Кыргызстанда бул көрсөткүч он эсе төмөн.