Жаңылыктар
Кыргыз обосунда жанган кош жылдыз
УТРК жаңылыктары
Кыргыз обосунда жанган кош жылдыз

КТРКнын 60 жылдыгына карата башталган атайын долбоорубуз уланууда. Кыргыз телевидениесине кырк жылдан ашуун өмүрүн арноо менен легендага айланган белгилүү дикторлор Бактыбек Мамытов жана Гүлшан Молдоева менен биздин чыгармачыл топ баарлашты. 

Биздин бүгүнкү каармандарыбыз- Кыргыз телерадиосуна 40 жылдык өмүрүн арнап, көгүлтүр экран аркылуу көрармандардын жүрөгүнөн орун таап, ар бир үйдүн мейманы болгон коңур үндүү, жарык жүздүү КРдин Эмгек сиңирген артисти Бактыбек Мамытов жана эң сүйкүмдүү, ажарлуу, сынынан тайбаган тажрыйбалуу диктор Маданияттын эмгек сиңирген ишмери, "Даңк" медалынын ээси Гүлшан Молдоева 

Экрандын көркү болуп, жылдыздай жанып келе жаткан чебер дикторлор Бактыбек Мамытов менен Гүлшан Молдоева Кыргызстандын ар бир үй-бүлөсүнүн мүчөсү болуп калган. Анткени алар өмүрүн эл үчүн арнашып, канчалаган теле көрсөтүүлөрдү, радиоуктурууларды алып барып келишүүдө. 40 жыл ичинде маалымат программаларынан тартып, көркөм адабий-музыкалык көрсөтүүлөрдү, лира кечелерин, “Сайра комуз,””Тогуз кайрык”, “Ыр-кесе”, “Кубулжу менин ырларым” теле конкурстарын көркүнө чыгара алып барышчу. Бүгүнкү күндө элибиз алардын алып баруусундагы “Арноо концертин” сагынып көрүшөт. Себеби залкар бул дикторлор кыргыз телерадиосу үчүн жаралган десек болот. 

Өмүрүн телерадионун өнүгүшүнө талбай арнап келген жайдары мүнөздүү төгөрөгү төп келген Бактыбек Мамытов телевидениеге 1971-жылы келсе, сүйкүмдүү жүзү менен өзгөчөлөнгөн Гүлшан Молдоева чоң кароо сынак менен 1978-жылы тандалып алынып, алгач радиого кабыл алынган. Эженин алып баруу чеберчилиги студенттик мезгилде эле башталып Москва шаарында өткөн Бүткүл Союздук студенттердин фестивалын алып барып, кыргыз жерин даңктаган. Брежнев катышкан Кремлдеги бул иш-чарага ал кездеги министр Күлүйпа Кондучалова өзү тандап жибергенин эч унутпайт. 

Ысык-Көл районунун Темир айылынын кызы Гүлшан Молдоева Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун музыкалык факультетин бүтүргөн болсо, Чүй боорунда жайгашкан Алмалуу айылынын кулуну Бактыбек Мамытов Улуттук Университеттин филология факультетин аяктаган учурунда телевидениеде сынак жарыяланганын угуп калат. Тандоодон өтүп, ошол кезден ушул күнгө чейин ушул куттуу жайда эмгектенип келүүдө. Диктор болууну ал бала кезинен эле кыялданчу. 

Гүлшан Молдоева менен Бактыбек Мамытовду ал кездеги көркөм кеңеш жагымдуу өңүнө, уккулуктуу үнүнө, интелектуалдуулугуна,так сүйлөгөн дикциясына карап тандап алган. Атайын дикторлук окуу жок болгондуктан, аларды радио менен теле практика жүзүндө окутушчу. Москва-Ташкенттен билимин өркүндөтүп Лола Агзамова, Светлана Макарова сыяктуу залкар диктор педагогдордон чыгармачылык тажрыйба алмашып, залкар дикторлор Абилезим Ниязов, Гүлчай Норузбаева,Тамара Жаманабаева, Шалиман Нурматова, Роза Рыскелдинова, Бекташ Акматов сыяктуу улуу устаттардан таалим алып бирге иштешкен.

Эс алуу дегенди билбей, майрам күндөрү да иштешчү. Элди куттуктап эфирди жаап анан үйгө кетишчү дейт алардын азыркы режиссёру Алган тажрыйба, билими менен бөлүшүп, жаштарга өрнөк болсун деген максатта сүйлөө маданияты боюнча академия ачкан. Ал жактан каалоочулар өз оюн так айтуудан көркөмдөп сүйлөөгө чейин үйрөнөт. 

Элибизге рухий ырахат тартуулап келе жаткан Кыргыз телерадиосунун кош жылдызы Гүлшан Молдоева жана Бактыбек Мамытов өмүр бою түшүнүп колдоп келе жаткан өздөрүнүн өмүрлүк жары менен балдарына ыраазы. Бактыбек Мамытовдун жубайы Жамиля радиодо 19 жыл режиссер болуп иштесе, Гүлшан Молдоеванын жолдошу Табылды Төлөгөнов техника илимдеринин кандидаты. Бактылуу үй-бүлөөлөр учурда небер-чөбөрөлөрдүн бактысына балкып турган учуру.