Жаңылыктар
Армияда абакка алып кетчү жорук...
Кырсык
Армияда абакка алып кетчү жорук...

22-сентябрда Абадан коргонуу күчтөрүнүн Бишкек шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринде жоокер менен аскер кызматкери мушташып, келишпестиктин айынан жоокер оор жаракат алган. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө башталып, ишти кошумча Бишкек гарнизондук прокуратурасы тергеп, сержанттын үстүнөн кылмыш иши козголду. Эгер сержанттын күнөөсү далилденсе, анда ал 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Сержант дагы, жоокер да мекен алдындагы милдетин өтөп жаткан. Сөз талашкан уруш мушташка чейин жетип, натыйжада жоокердин жаагы сынган. Башкы штаб учурда жооптуу адамдар убактылуу кызматынан четтетилип, териштирүү жүрүп жатканын билдирди. Ошол эле маалда Башкы штаб мындай терс көрүнүштөрдү ооздуктоого алы жетпей жатканын да кабарлады. 

Жаагы сынган жоокердин окуясы армиядагы ачыкка чыккан көрүнүштүн бири. Буга чейин жоокердин өлүмү менен коштолгон, ур-токмок, зомбулукка кабылган окуялар арбын катталган. Мунун баары келип аскердик устав так иштебей жатканынан жана темирдей тартиптин жоктугунан кабар берет. Учурда жабырлануучу аскердик госпиталда дарыланууда. Абалын сурап барсак жогорку аскер адамдары уруксаат бербей, жаап-жашырууга аракет кылышты. 

Ишти колго алган аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери ушундай өңүттөгү 3 окуя катталган. Акыркы мушташ боюнча сержантка кылмыш иши ачылды.

Ушул эле аскер бөлүктө төрт жыл мурда лейтенант жоокерди атып алып, ал ооруканага жетпей жан берген. Соңку жылдары орун алган окуялар кыргыз армиясы терс көрүнүштөрдөн дагы эле арыла албай жатканын айгинелейт.